Көк бөрү оюнунда күйөрмандык кылып ыйлаган Алихан: "Агам ойноп жаткан командага жан сүрөгөн видео интернетке тарап кетиптир"





Бүйүр кызыткан көк бөрү оюну көңүл борборунда болгон маанилүү спорттун түрүнө айланган. Улуу-кичүү дебей мелдештерге келип өз командасын алга сүрөгөндөр арбын.
Интернетке көк бөрү оюнун көрүп жатып, көзүнө жаш алып өз командасына күйөрмандык кылган видео тарады. SUPER.KG порталы дал ошол бала менен байланышып, анын кайсы командага жан сүрөгөнүн сурады. Ал ипподромдо ат оюндарын көрүп жатканын айтты.
- Өзүңдү тааныштырып кетсең?
- Аты-жөнүм Алихан Кенже уулу. 10 жаштамын, 4-класста окуйм. Чолпон-Ата шаарынан келдим. Апам Орусияда иштейт, атам Чолпон-Атада. Агаларым көк бөрү ойношот. Ошолор менен бирге Бишкекке келдим.
- Көзүңө жаш алып, кыйкырып жаткан видеону көрдүк. Кайсы командага жан сүрөп жаттың эле?
- Видео Чолпон-Атанын "Кабылан" командасынын 1-оюнунда тартылган экен. Командада 2 бир тууган агам да ойноп жаткан. Эсеп 3:3 болуп жаткан эле, аябай сарсанаа болгом. Ал күнү жеңишке жетип, кийин дагы бир команданы утуп 1/4 оюндарга чыктык. 1/4 оюнунда Бишкектин "Келечек" командасы менен беттешип жаткан. Биздин команда 3:0 менен утуп жатканда жеңебиз деген ишеним болду. Бирок аттар чарчап калды. Оюндан командабыз утулуп калды.
- Көк бөрүгө качантан бери кызыгасың?
- Ат мингенди жакшы көрөм. Көк бөрүгө 3 жылдан бери кызыгып келем. Агаларым Тилек, Нуржан жана Сейитбектин ойногону жагат. Биринчи жолу ат минип тасмага тартылгандан кийин, улак тартышка кызыгып калдым. Анан агаларым менен кошулуп мелдештерге бара баштадым.
- Келечекте да көк бөрү менен алектенесиңби?
- Ооба. Өзүбүздүн "Кабылан" командасына кошулуп ойносом деген тилегим бар. 17 жаштан баштап оюндарга катышсаң болот.
- Кайсы ат жагат?
- Каймана аты Резвый боец деген, анан көк бөрү боюнча курама командадагы Ахилес, Кара-Куш деген аттар жагат.
Көк бөрү оюнунда жан сүрөп ыйлаган Алихан




1 |