super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Аккула" ат майданына оюн көргөнү келгендер батпайт. Билет баасы 200 сом, көрүүчүлөргө шарт жок" дейт окурман

 

"Быйыл дагы ат майданында былтыркыдай эле көрүнүш. Көрүүчүлөргө качан шарт түзөт? Жалгыз ат майданды реконструкциялап коюшса жакшы болмок". Мындай оюн окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Көк бөрү жана башка ат оюндарына элдин кызыгуусу күч. Муну баары эле билет. Борбордогу жалгыз "Аккула" ат майданына быйыл да эл батпай жатат. Билет баасы 200 сом. Бирок киргениң менен эч нерсе көрө албайсың. Билетин көтөрүп алып эшикте кире албай жүргөндөр канча? Отурмак тургай туруп көрүүгө мүмкүн эмес", - дейт окурман.

Эскерте кетсек, былтыр жана мурдагы жылдары да ушундай эле көрүнүш катталып, батпай калганда сахна катары жасалган конструкциянын башына жана ат майданга жанаша тигилген бактарга чейин чыгып кеткен көрүүчүлөр болгон.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.03.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бишкектеги формачандын баарын тизип койюшуптур алып барып
21.03.2019. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
asyl85, Бишкекке десе формачаны да,башкасы да табылат.тополон болбосун деп.чек арада адам өлүп жатса да эч ким жок.....
22.03.2019. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ипподромдогу элдерди карасаң жапайыдай болуп сөгүнүп сагынып, арка тараптан баклашкаларды ыргытып, жерге ар кандай таштандыларды ташташып, кирүүдө жана чыгууда жөөлөшүп турушту. Кыргыздар деги каякка эле баратабыз?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: