super.kg logo

2 жаштагы Ибрагимге кордук көрсөткөнү үчүн 15 жылга соттолгон аял: "Абакта тамак-аш, кийимден кыйналган жокмун. Болгону кыздарымды сагынам"

 

2015-жылдын 11-январына караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы Жаныбек Т. жана анын аялы Айзада А. эки айга камакка алынган. 2017-жылдын 28-февралында ишти Аламүдүн райондук соту карап, Жаныбек Т.ны өмүр бою, Айзада А.ны 15 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Ибрагим 2 айга чукул убакыт эсине келе албай комада жатып 2015-жылдын май айынын башында үйүнө чыгарылган.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 аялдар абагында жазасын өтөп жаткан Айзада А. бул окуя боюнча өзүнүн версиясын SUPER.KG порталына айтып берди.

"Жолдошум экөөбүзгө козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум жабык эшик артында өткөн. Сот бир тараптуу карап койгон. Мындан улам күйөөм өмүр бою эркинен ажыратылып, мага 15 жыл берилген. Мен ошол убакта сот ачык болушун, журналисттер аркылуу коомчулук бул окуянын кандай болгонун көрүшүн каалагам. Биз жалган жалаа менен гана соттолуп кеттик. Эми өзүңөр деле ойлоп көргүлөчү, жолдошум өзүнүн бир тууган инисинин баласын кантип зордуктайт? Бизге ким тарабынан мындай жалаа жабылды билбей деле калдым. Ошол окуядан кийин чындык бар экенине көзүм жетпей калды", - дейт ал.

Жолдошу экөө камакка алынганда кыздарынын улуусу 17 жашта, ал эми кичүүсү 5 жашта калган.

"5 кызым өз алдынча тиричилик кылып өсүп келе жатышат. Биз камакка алынгандан кийин аларды кайнагам карамак болгон. Бирок алар кандай тарбия көрүп, эмне жеп чоңоюп жатышканын билбейм да. Алар ата-энеси аман туруп тирүүлөй жетим калбадыбы. Алардын убалы эми кимге? Менин абакта отурганыма 4 жыл болду. Абакта азыр вахтада иштейм. Бул жакта тамак-аштан, кийим-кечеден өксүгөн жокпуз. Болгону балдарыбызды сагынып жүдөдүк. Алар мага жолугушууга келип турушат. Ал эми Ибрагим жөнүндө кабарым жок. Эки жыл мурун кыздарым Ибрагимди көрөлү деп барышса жолуктурбай коюшкан экен. Андан бери анын каякта экенин да билбейбиз", - дейт.

Кайгылуу окуяны башынан өткөргөн Ибрагим учурда 6 жашта. Аны экинчи апасы Диана Сайимова карап келет. Биздин сайтка берген маегинде ал Ибрагим тууралуу буларды айтып бергени бар.

"Балам токмоктолуп, ооруканага жатып калгандан бери оор абалда. Азыр шал оорусу менен жабыркайт. Баш мээси өспөй калган. Ооруканадан чыккан учурдан тартып колдорун, буттарын кыймылдатып, бир аз ойнойт. Бирок өз алдынча отура албайт. Канчалык аракет кылганы менен сүйлөй албайт. Мындан улам баланы айыктыруу үчүн 2015-жылдан бери чет өлкөдөгү реабилитациялык борборлор менен сүйлөшүп, кайсы жерден дарыласа жардам бере турганын караштырып келебиз", - деген Сайимова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
21.03.2019. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Күнөөсүз соттолуп кеттик дейт да. Соо баланы сабап, майып кылгандары аз бекен соттолгонго. Бир баланын тагдыры талкаланды, майып болду. Балдарым кандай тарбия көрүп атат деп койот дагы.
21.03.2019. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Жалган жалаа болсо , анда жаш баланы андай акыбалга ким алып келген?????
21.03.2019. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ой тобоо эмне деерин да билбейсин. Кантип эле 2 жашар бала озунон озу эле ушул акыбалга келип калсын.??
21.03.2019. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сага деле өмүр бою жаза бериш керек болчу, чырактай баланы майып кылганынар аз келгенсип, бей күнөө балдарын ата энесиз, бирөөнүн колунда кыйынчылыкта чоноюп жатышат, сага окшогон, ээриңе окшогон көк мээнин айынан канча балдар кордук коруп жатышат, акылдуу болсон, балдарын да жанында, Ибрагим да, дени соо ойноп күлүп жүрмөк
21.03.2019. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай акмактар дагы бар да.Бир баланы тирүүлөй түгөтүшүптүр го дагы кайсы арына актанат.Камактан чыкпай камак каанада жок болуп кетсең анданда жакшы болот.
21.03.2019. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо кылдым.Кудай жазанарды берсин наристени кордонгонунар учун.
21.03.2019. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ай журогуум,ыйлагам биринчи укканда байкуш бала
21.03.2019. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Наристеге эле убал болуптур, эмнеге ушундай манкурттар бар жаш баланы кордогон(((((
22.03.2019. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алсыз наристеге кол которгондорду, омур бою уктатып эле койсо жакшы болмок!
22.03.2019. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул аялдын колуна таштагандан кийин бироо келип сабап кетмек беле,боорум оорубайт буга окшогондорго
22.03.2019. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Боору оорусун деп интервью берген го,боор оорумак тургай кыжырды келтирди.Мындай адамдардын ал-ахыбалын сурап,интервью алган озу туура эмес.
22.03.2019. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калп эле бечара болбочу, баланы ким сабады анда? Эптеп турмодон чыккын келип, балдарым кандай тарбия алып атат деватасынбы? Биронун балдарын же озунун баланы эч качан урбагыла, сабак болсун баарына. Кичинекей жооп калтара албай турган балдарды сабап жаман уйронушкон бизде,соттог керек ошондой эки буттууларды. Бала бага албай сабагандан коро, презерватив сатып ал, акча аябай!
22.03.2019. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Тамак аш тан кийимден кыйналган жокмун зоор экен" деп койгонго.
22.03.2019. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janna07, эрежелерди сактаңыз. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: