super.kg logo

Ош шаарындагы Нооруз майрамынан фоторепортаж

 

Бүгүн, 21-март Нооруз майрамы Ош шаарында шаңдуу белгиленүүдө. Шаардын борбордук аянтында майрамдык иш-чара өтүп, ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана шаар тургундары менен коноктор катышты. Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, келген элге сүмөлөк таратылды.

Өкмөт башчы эл алдында сүйлөп жатып 2019-жыл Ош шаары үчүн жакшы жаңылык менен башталганын белгилеп, элди куттуктады.

"Бардык жарандарыбызга өкмөттүн демилгелерин колдоолору үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Дагы бир сөзгө токтоло кетким келет, 2019-жыл жакшы жаңылык менен башталды. Эл аралык өтө абройлуу Түрксой уюму тарабынан ордолуу Ош шаарыбыз түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды. 3 миң жылдык тарыхы бар байыркы Ош шаарын жана көөнө маданиятыбызды жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү милдети турат. Бул эки чоң иш-чараны мына сиздер менен чогуу ийгиликте, дүйнөгө дүңгүрөтө өткөрөбүз деп ишенебиз", - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, байыркы Нооруз баарыбызды кечиримдүү, айкөл болууга чакырат.

"Бул майрамда ар бирибиз аруу тилектерди айтып, алдыбызга асыл максаттарды коёбуз. Аларды ишке ашыруу үчүн эң башкысы өлкөдө туруктуулук, элибиздин достугунун бекемдиги, бири-бирибизге болгон ишеничибиз күчтүү болушу зарыл. Өзүбүздү өзүбүз урматтап-сыйлап, кечиримдүү болушубуз керек", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.03.2019. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Майрам тойлордо премьер министр алдыда жанжал чыр чыкса куйругун да таппайсың
21.03.2019. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ош шаарым оркундой бер !!!
21.03.2019. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кээ бир кыргыздын жаш кыздары хиджабка оронуп алгандары такыр жакпайт. Жон эле чачын жакшыканакай жасап алышпайбы. Ушинтип оронуп алып бейишке чыгабыз дегени жон эле жомок. Хиджабка оронбой туруп деле жашообузду жакшынакай откорсок берет. Хиджаб - бул араб аялдарынын жашоо образын чагылдырган нерсе. Хиджабка оронбой эле жакшынакай жашоосун уланытып жаткан кыздар толтура.
zhaku2017 түзөттү 2019-03-21 18:26:12
21.03.2019. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
zhaku2017,Туура айттыныз,чыкыйтып тарап,оруп алса жылтыратып.Хиджаб бул карангычылык!Эмне деген аялга кысым
21.03.2019. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ислам дини жон гана арабтардын кийимин, ырым жырымдарын, жашоо маданиятын жайылкан дин. Мында эч кандай ыймандык жок. Исламда арабтардын кийимин кийип, арабчыл болсон эле ыймандуусун деп жаштардын ан сезимине синирип жатышат. Диндин - коз отоо сокур.
21.03.2019. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне дин жонундо тема болуп жатабы,же озунорду ушунчалык эле акылдуу эсептейсинерби?же силерге мишайтетип жатабы,ар темада эле кычыктан чыгат экенсинер да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: