super.kg logo

Балдар, бак-дарактар жана ипподром. Көк бөрү оюнун көргөнү келген күйөрмандардан эмнелер жабыркады? (фоторепортаж)

 

Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча Өлкө биринчилиги Таластын "Ынтымак" командасынын жеңиши менен жыйынтыкталды. Аталган команда Ош облусунун "Достук" командасын 6:1 эсеби менен жеңип, 3-жыл катары менен мыкты аталышты.

Бүйүр кызыткан беттешти көрүүгө келген күйөрмандар ат майданына батпай калышты. Мындан улам айрым күйөрмандар бак-дарактардын үстүнө чыгып алып, өз командасына жан тартса, айрымдар унаалардын үстүнөн, трибунанын кырларынан оюнду көрүп жатышты. Эч бир жерден орун таппай, көзү менен улуттук оюнду көрө албаса да, ат майданынын сыртынан кулак түрүп, беттештин жүрүшүн тыңшап турууга кайыл болгондор да кездешпей койгон жок.

Беттештин орто ченине жакындап калган учурда, оюндун баяндамачысы сырттагы унаалардын биринде бала ыйлап жатканын айтып, аны камап койгон ата-энесине издөө салды. Бөбөк элдин баары көрүп жаткан көк бөрүдөн куру калганына арданып ыйлаган чыгар.

Оюндун соңунда жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев баш болгон аткаминерлер чыгып мелдешти көрүүгө келген жалпы күйөрмандарды, катышуучуларды Нооруз майрамы менен куттукташты. Ипподромдо кысылган эл алардын куттуктоосуно көңүл бөлбөй, баарылап "стадион", "ат майдан" деп кыйкырышты. Бирок аткаминерлердин бири да жаңы ат майдан курулаары тууралуу же азыркы ипподромду кеңейтип, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөрү тууралуу күйөрмандардын көңүлүн жубатуучу эч нерсе айткан жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
21.03.2019. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынтымак алга Баракелде азаматсынар Кыргызымдын жигиттери ))
21.03.2019. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi kokui,surotton aiabai jaman ele korunup kalat eken.Kenen stadion bolso myndai abalga kelmek emes bele,,,,,,,oto jaman korunuw,,,,,
21.03.2019. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жапаайы оюнга жапаайы эл!
22.03.2019. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aytur,
Ошол жапайы элдин арасынан чыгып , бир аз цивилизацияны көрүп өзүңүздү заманбап адаммын деп ойлоп калдыңызбы ?
22.03.2019. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карагаларга окшоп отуруп алыптыр го.
Көк бөрү ойногонубузга да сыймыктанам.
22.03.2019. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ойунду отуруп алып корсо болобу же туруп алып коруш керекби деги олтургуч деген болобу садиондун ичинде чет жактан келген меймандар ээстери ооп кетишет экен ад
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: