super.kg logo

Берлинден келген турист Кыргыз жеринде кулаган тик учактын ичинен тартып алган видеосун Британияда жарыялады

 

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учагы 2018-жылдын 9-июлунда эртең менен Хан-Теңири чокусуна жакын жердеги Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапка кулап түшкөн. Бортто 4 экипаж мүчөсү, гид, дарыгер жана 9 чет элдик турист болгон. Берлинден келген 22 жаштагы Дэвид аттуу турист тик учак кулап жатканда аны тартып алган видеосун 20-мартта Британиянын "Daily Mail" деп аталган басылмасы жарыялады.

Дэвид басылмага берген маегинде тик учактын сынган жеринен чыгып кетип аман калышканын айтып берген. Анын белгилешинче, ошол күнү шамал жок, асман таптаза болуп учууга идеалдуу болгон. Бирок Түштүк Эңилчек мөңгүсүнө жеткенде шамал болуп, учкуч канчалык аракет кылбасын тик учак мөңгүгө барып урунуп кулап түшкөн.

"Мен бир канча чоң рюкзактардын жана япониялык гиддин алдында басылып калдым. Дүрбөлөңгө түшүп баштадык. Ошол учурда менин бутума керосин төгүлүп кеткен экен, күйүп жаткандай сезиле баштады. Тирүүлөй күйүп кетемби деп коркуп, катуураак күчтөнүп акыры туруп кеттим. Бактыга жараша, тик учак кулаганда сынган жеринен тешиги бар экен, ошол жерден суурулуп чыгып кеттик", - деп айтып берген Дэвид.

Кырсыктан жалпы 4 адам жаракат алган. Алардын ичинен япониялык жарандын абалы оор болгондуктан Бишкектеги №4 ооруканада операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Кулаган тик учак Хан-Теңири чокусундагы чет өлкөлүк альпинисттерге тамак-аш, дары каражаттарын жеткирүүгө бараткан. Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйынында факты боюнча кылмыш иши козголгонун, күнөөлүүлөр жоопко тартыла турганын айткан.






Кыргыз жеринде кулаган тик учактын ичинде тартылган видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
22.03.2019. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дагы жакшы аман калышыптыр
22.03.2019. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Atas,Куралдуу кучтордун тик учагы менен туристерди
ташып жургон кимде куноо ошону толотуш керек!
22.03.2019. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Күнөөнү шамалдан издейби эми
22.03.2019. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жоопкерчиликтуу болуш керек
22.03.2019. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошондо бул Кыргызстандын акыркы тик учагы беле ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: