Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 22-мартта Бишкек шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Алтын-Ордо жаңы конушунун Субан-Ата, Виноградный көчөсүндө;
Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Жунусалиев, Горький, Карасаев, Белоруссия көчөлөрүнүн бир бөлүгү менен Майкоп туюк көчөсү;
Саат 9:30дан 12:00гө чейин Көк-Жар жаңы конушунун Коңорчок, Куйручук, Көк-Жар, Чар, Кулмурзаев, Арстанбап, Керемет, Молдакунов, Көк-Жайык көчөлөрүндө;
Саат 9:30дан 13:00гө чейин Бакай-Ата жаңы конушунун Нооруз, Чубак, Анар, Ак-Уул көчөлөрүндө;
Саат 9:30дан 18:00гө чейин Көлмө конушунун Мидин, Республика, Коммунар, Алтын-Бешик, Азаттык, Долон, Максат, Мыскал, Кулиев көчөлөрүндө;
Саат 9:30дан 18:00гө чейин Чоң-Арык айылында Кожобергенов, Түндүк, Семетей, Мусулманкулов, 50 лет Победы көчөлөрү менен Айтматов проспектисинде;
Саат 10:00дөн 12:00гө чейин 5-кичи районундагы 60, 63/1 үйдө;
Саат 10:30дан 13:00гө чейин 7-кичи районундагы 21-27-үйдө, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү 150-үйдө;
Саат 12:00дөн 15:00гө чейин Ахунбаев, Шүкүров, Жантөшев, Кара-Дарыя, Муса Жалил, Кантемир, Ялта, Шайыр, Салиев, Садов көчөсү менен Ясенск, Ак-Буура туюк көчөсүндө;
Саат 15:00дөн 17:00гө чейин Кара-Жыгач жаңы конушунун Горький, Анкара, Бегматов, Дордой, Достоевский көчөлөрүндө электр жарыгы жок болот.





