super.kg logo

Францияда сот жубайларга баласына Гризманн Мбаппе деген ат коюуга тыюу салды

 

Франциянын Брив-ла-Гайард шаардык соту футбол боюнча Франция курама командасынын оюнчулары Антуан Гризманн жана Килиан Мбаппенин атынан Гризманн Мбаппе деп ат койгону жаткан жубайларга уулуна башка ат коюусун милдеттендирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Дүйнө чемпиондугунда Франция менен Хорватия беттешинде аты аталган футболчулар гол киргизишкен. Ноябрь айында уулдуу болушкан түгөйлөр ага Гризманн Мбаппе деген ысымды тандап туулгандыгы тууралуу күбөлүк алганы барышканда Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматындагылар мындай ысым ыйгаруу туурабы деген суроо менен прокуратурага кайрылган.

Арадан беш ай өтүп сот чечим кабыл алган. Анын чечиминде балага башка ат табуу керектиги айтылган. Сот мындай чечимди БУУнун балдар жөнүндөгү конвенциясына таянуу менен кабыл алган. Ал балага мындай ысым берүү менен ата-энеси анын кызыкчылыгын көп деле ойлогон эмес деген жүйө келтирген. Жубайлар баласына Дани Ноэ деген ысым ыйгарган.

Франциянын мыйзамдары ата-энелерге дээрлик каалаган атты коюуга уруксат берет. Ошентсе да ат баланы шылдыңдабагандай, анын келечегине залакасын тийгизбегидей болушу керектиги эске алынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
22.03.2019. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балтабай,Тешебай,Бокмурун)))Бизде да ушундай закон иштесе экен
22.03.2019. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Биздин динчил арабчылдар оз балдарына кыргызча эмес арабтардын атын берип жатышканы окунучтуу. ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-22 16:13:07
22.03.2019. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Mirlan27011987, Биринчиден араб каапыр эмес, экинчиден мусулман эч качан бөлүнбөйт. Кыргызбы, арабпы, өзбекпи, баары бир мусулман.
22.03.2019. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен тушунгон жокмун? Эмнеге экенин жон тушундуруп берчулор барбы?
22.03.2019. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
raykray, Бала чоңоюп өзүнүн ысымына нааразы болбогудай болуш керек, мисалы 2010-жылы Кыргызстанда төрөлгөн 3 эмдин ысымдары Роза, Алмаз, Өмүрбек. Ошол убактагы убактылуу өкмөттүн адамдардын ысымына коюлган, ошондой күчтүү болсун деп, подхалимчилик кылып.
Эми ал үч саятчынын тагдыры үч башка, калганын өзүң ойлонуп көр...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: