super.kg logo

Чүйдө 20 жаштагы айдоочу Лексусу менен 1 адамды сүзүп алып, жабырлануучу ошол жерден каза болду

 

Чүй облусунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Маркумду сүзүп алган жаран 1998-жылы туулган Лексус унаасынын айдоочусу болгон. Мындай маалыматты Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлап, буларды билдирди:

"Окуя 21-март күнү саат 21:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 15-чакырымында, тактап айтканда, Алга айылынын тушунда катталган. Анда батыштан чыгышты көздөй Лексус унаасын айдап бара жаткан 20 жаштагы айдоочу жолду кесип өтүп бараткан жөө адамды сүзүп кеткен. Кырсыктан жаракат алган болжолу 30-35 жаш курагындагы жаран ошол жерден каза болгон. Маркумдун ким экендигин аныктай алышпай, аны Кант шаарындагы өлүк сактоочу жайга жеткирип коюшкан. Азыр деле анын аты-жөнү аныктала элек. Ал эми кырсыкка күнөөлүү болуп жаткан айдоочу камакка алынып, унаасы айып жайга киргизилди", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Окуя боюнча Ысык-Ата РИИБи иш алып барып жаткандыгы жана сотко чейинки териштирүү жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.03.2019. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дагы бир бокмурундун баласы го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: