super.kg logo

Ар бир жаран өзү күбө болгон кырсык же укук бузууну жибере ала турган тиркеме иштелип чыкты

 

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун алкагында "112" уюлдук тиркемеси тесттик режимде ишке киргизилүүдө. Ага ар бир активдүү жаран өзү күбө болгон кырсык же укук бузуу боюнча, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу кайрыла алат. Тиешелүү мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарышат. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Тиркеме Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан иштелип чыгып, 22-мартта өкмөт үйүндө бет ачары өттү. "Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүүнү алган соң, жарандын билдирүүсүн алгандыгы жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте тиешелүү чаралар көрүлгөнү, ошону менен бирге кайрылууга жооп кайтарууга жооптуу орган тууралуу жаранга кабарлоого тийиш. Жоруктар жана укук бузуулар боюнча кайгуул кызматтары жерине баруу менен ыкчам жооп кайтарышат", - деди министрликтин өкүлү Айбек Картайганов.

Азыркы учурда иштөөсүн изилдеп чыгуу максатында тиркеме тесттик режимде киргизилип жатат. Тесттик ишке киргизүүнүн жыйынтыктары алынып жана иши туураланган соң толук кандуу колдонууга берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
23.03.2019. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
акча табыштын акча жасаштын кыргыз элин кууратыштын эле жолун издей беришет экен мындай онугуу бирдеме салыш шаарга мамлекетке кыргыз элине салымдарын кошкондун ордуна тонош эле буларда
23.03.2019. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurbek56, Төө десе Бээ дедиңго
23.03.2019. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тузук
23.03.2019. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
23.03.2019. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
негизи канча миллионго камера албай эле элге эле айтыш керек эле камерага тартып жиберсең штрафтын 10% тин берет деп ошондо бири бирибизди видеого тартып жибере берип тартип бузуу азаят эле азыр саналуу эле камера бар ал эми элге айтса баардык жерде камера болмок
24.03.2019. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бул тиркемеси натыйжалуу болсо жакшы. А эгерде мурункудай эле болсо анда ....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: