super.kg logo

Бакай-Ата конушунда 2-класстын окуучусу велосипед тээп бара жатып, унаа жолду кесип өтмөкчү болгондо аны унаа сүзүп кетти. Окуучу окуя болгон жерден каза болду

 

Бишкектин Бакай-Ата жаңы конушунда мектеп окуучусун унаа сүзүп, ал каза болуп калды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 22-март күнү саат 18:30 чамасында катталган.

"Унаа жолдо велосипед тээп жүргөн окуучу артында келе жаткан унааны байкабай жолду кесип өтмөкчү болгондо аны сүзүп кеткен. Маалыматтар боюнча каза болгон окуучу мектепте 2-класста окуйт. Ал эми айдоочу 45 жашта. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: