super.kg logo
  Саясат  

Британиялык ханзаада Уильям уулуна Жорж Александр Луис деген ысым ыйгарды

 
Британиялык ханзаада Уильям жана жубайы Кейт Миддлтон жаңы төрөлгөн уулуна Жорж Александр Луис (George Alexander Louis) деген ысым ыйгарды. Бул тууралуу өлкөнүн ММКлары жарыялашты. Болочокто аны Кембриж ханзаадасы Жорж деп чакырышмакчы. Мураскерге ат коюлгуча англиялыктар арасында баланын ысымы тууралуу көптөгөн сөздөр айтылып, ал гана эмес, букмекердик кеңселерде ысым тандоо үчүн атайын акчалар сайылган. Жорж деген ысым эң алдынкы катарда келе жаткан болчу. Ошондой эле букмекердик кеңселерде ымыркайдын болочок ысымы тууралуу Жеймс, Генри, Артур, Луис, Альберт, Александр, Бенжамин, Дэвид жана Филипп деген ысымдар алдынкы саптарда келе жаткан. Эске сала кетсек, ханзааданын жубайы Кейт Миддлтон 22-июлда көз жарып, ымыркайдын салмагы 3,79 килограмм болуп төрөлгөн.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: