Москвадагы Кыргыз диаспорасынын координациялык кеӊеши Якутск шаарындагы мекендештерге кайрылуу жасады
Москвадагы кыргыз диаспорасынын координациялык кеӊеши Якутск шаарындагы мекендештерге кайрылуу жасады.
Кайрылууда жарандарды опурталдуу окуяга, жалпы кыргыз эли күнөөлүү болбосо да, якут элинин чыркыраган чындыгын, ичиндеги ыза-муңун нааразычылыгын туура түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
"Урматтуу мекендештерибиз, ачууга алдырбоого, чагымчылдыкка жол бербөөгө, эки элдин достугуна, ынтымагына, беделине доо кетирүүчү аракеттерди жасабоого, коомдук тармактарда талкуулоолорду жаратпоого аракет кылууӊуздарды өтүнөбүз. Кыргыз эли илгертеден айкөл, сабырдуу, кечиримдүү эл. Ошону менен улуубуз! Ошону менен бийикпиз. Мекенибизден алыс чет жерде үй-бүлөбүздү багып, мамлекетибизге аз да болсо салымыбызды кошуп эмгектенүүнүн үстүндөбүз. Жашап, иштеп жаткан жерибизди, жергиликтүү калктын үрп-адат, каада-салтын, көз карашын туура түшүнүү менен карап, мамлекеттик мыйзамдарын сыйлоо жана мыйзамда белгиленген ченемдерге баш ийүү менен калыс мамиле кылууга үндөйбүз. Эки элдин достугун чыӊдап, кызматташтыгын арттырууга өз салымыӊыздарды кошуп, Кыргыз деген улуу атты жогорку деӊгээлде алып жүрөрүбүзгө тереӊ ишенебиз", - деп айтылат маалыматта.
17-март күнү кечинде Якутск шаарынын 200дөй тургуну Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы митингге чыгышкан. Буга жергиликтүү тургунду Борбор Азиядан келген 3 адам күч колдонуу менен унаага салып кетип зордуктаганы тууралуу маалымат түрткү болгон.
Якутск шаарынын тергөө кызматы зордуктоо фактысы болгонун тастыктап, шектүү катары кармалгандардын бири Кыргыз жеринен барган адам экени жана күнөөсүн моюнуна алганы кабарлаган. Ал эми дагы 2 адам кылмыш ишине тиешеси бар же жогу аныкталып жатканы айтылган.
Учурда расмий маалыматтар боюнча Орусиянын аймагында 640 миңдей Кыргыз жараны бар болсо, анын 10 миңден ашыгы Саха Республикасынын аймагында иштеп жүрүшөт.












1 |