super.kg logo
  Спорт  

Муз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалын тагынган Элизабет Турсынбаеванын апасы: "Кызыбыз Кыргыз өлкөсүнүн атынан мелдештерге катышып калуусу мүмкүн эле"

 

Элизабет Турсынбаева Кыргыз өлкөсүнүн атынан мелдештерге катышып калуусу мүмкүн эле. Мындай пикирин анын апасы Падишахан Султаналиева 2015-жылы "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, 2013-жылы Элизабеттин казак же кыргыз желеги астында мелдештерге чыгары тууралуу үй-бүлөлүк талкуу болгон.

"Кызымдын атасы казак болгондуктан казак желеги астында чыгууда. Бирок Москвада жашап жүргөн учурда Орусиянын атынан чыкчу. 2013-жылы гана Элизабет казак же кыргыз желеги астында чыгуу керектигин ойлондук. Кыргыз өлкөсү тууралуу сураштырып көрсөк, бизде муз үстүндө бийлөө боюнча федерация жок болуп чыкты. Казактарда кыздар арасында Элизабетке чейин дүйнөнүн мыкты спортчулары менен атаандашкан муз тебүүчү чыккан эмес. Мындай жолду түптөп, биринчи болуу өтө оор болду", - деп билдирген Падишахан Султаналиева.

Япониянын Сайтама шаарында муз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнө чемпиондугу 22-мартта жыйынтыкталып, орусиялык Алина Загитова алтын байгени багындырса, казакстандык Элизабет Турсынбаева күмүш медалга ээ болду. 19 жаштагы Элизабеттин апасы Падишахан Султаналиева кыргыз кызы болсо, атасы Байтак Турсынбаев Казак жараны экендиги көпчүлүккө белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(12)
23.03.2019. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы макала болуптур, рахмат
23.03.2019. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бизде мындай кыздарыбызды колдошпойт. Чет олконун байлары спорт, билимди каражат жагынан абдан колдошот. Биздин байлар курсагын гана ойлошот.
23.03.2019. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Mirlan27011987, неге сен бай боло албайсын. Бай болуп колдо ошолорду
23.03.2019. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Nurdinur,
Буюрса байын, анан ушуга окшогон кыздарды биринчи колдоого алам. А так сенде акча болсо мага карызга бере тур. Байыганда берем.
23.03.2019. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Апасы Аксы районунан болот.
23.03.2019. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Tunerbei1812,кооой,меенин эжем экенда.негизи Аксылыктар кыйынго.
23.03.2019. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kalnazarov89, Азимбек Бекназаров акең болот. Аксылыктар кыйын
23.03.2019. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсың жээн
23.03.2019. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Аксы сила деее
23.03.2019. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын баары эле кыйын болгону каалоо менен аракетибиз азыраак да
24.03.2019. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасын жакшы тааныйм.
24.03.2019. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага Ким минус басты.
Ыя?
Жер соорусу Аксы экен,
Адамдары жакшы экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: