super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстанда Асман чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн 7 жылдыгы белгиленет

 

КРнын Куралдуу күчтөрүнө караштуу башкы штабынын Асман чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн  (АЧКК) түзүлгөнүнө быйыл 7 жыл толот. Анын 7 жылдыгы 27-июлда Бишкектеги 23 565-аскер бөлүгүнүн аймагында салтанаттуу иш-чара менен белгиленет. Салтанатка АЧККнын жалпы жамааты, Бишкек гарнизонунун аскер кызматчылары, шефтикке алынган республикалык дүлөй-дудук балдардын атайын мектеп-интернатынын окуучулары жана Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери Ооган, Баткен согуштарынын катышуучулары чакырылган. Кошумчалай кетсек, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун клубунда Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынын арасында бильярд боюнча мелдеш өткөрүлгөн. Анын жеңүүчүлөрү ушул салтанатта сыйланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: