super.kg logo

Норвегияда 1373 жүргүнчүсү бар кеме кырсыкка кабылып, куткаруу иштери жүрүп жатат

 

Норвегияда 1373 жүргүнчүсү бар круиздик кеме кырсыкка кабылып, куткаруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Кырсык кечээ, 23-мартта болгон. Круиздик кеменин кыймылдаткычы күчтүү толкундардан улам иштебей калган. Экипаж кызматкерлери жээкке окуя тууралуу маалымат жиберип, 4 тик учак менен куткаруу иштери башталган. Кырсыктан улам каза болгондор жок. 17 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Куткаруу кызматынын жетекчиси Эйнар Кнудсен кеме чөкпөгөнүн жана анын ичиндеги адамдардын өмүрүнө кооптуу эч нерсе жок экенин белгилеген.

"Кеме азыр жээктен 5 чакырым алыс жерде турат. Якорлор аны чөктүрбөй кармап турганы менен, толкун болгон учурда чайпалып, ичиндеги эмеректер эки жакка жылып жатат. Жүргүнчүлөрдүн бардыгы кеменин коопсуз тарабына жылдырылган. Куткаруу иштерине бир топ убакыт талап кылынат", - деп билдирген Кнудсен.

Акыркы маалыматттарга ылайык, 1 күн ичинде 463 жүргүнчү куткарылды. Тик учак менен куткаруу иштери көп убакытты талап калганына байланыштуу, бүгүн, 24-мартта кемени жээкке сүйрөп келүү чечими кабыл алынды. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, кырсыкка кабылган лайнер башка 2 кеменин жардамы менен Норвегия убактысы боюнча 16:00дө (Бишкек убактысы боюнча 21:00) жээкке жеткирилет.






Норвегияда круиздик кеме кырсыкка кабылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.03.2019. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 кун Баштагы окуяго
25.03.2019. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gisi, текстте жазылып тургандай, кеме 23-мартта кырсыкка кабылып жатат. 3 күн мурдагы окуя эмес, 1 эле күн мурдагы окуя.
24.03.2019. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыркы замандын титанигиго)
Медиа-портал
25.03.2019. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым өзү колдосун!кырсык каш кабактын ортосунда деген ушул да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: