super.kg logo

Кытайда химиялык заводдогу жарылуудан каза болгондордун саны 64 адамга жетти, 28 киши дайынсыз болууда

 

Кытайда химиялык заводдогу жарылуудан каза болгондордун саны 64 адамга жетти, 28 киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

"Кытайдын күн чыгыш тарабында жайгашкан Яньчэн шаарындагы химиялык заводдогу жарылуудан жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө. Жабыркагандардын саны 600дөн ашып, учурда 21 жабырлануучунун абалы өтө оор жана 73 адамдын абалы оор бойдон калууда. Заводдун аймагын тазалоо иштери кызуу жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин кооптуу аймактан 4 миңге жакын адам эвакуацияланганы айтылган. Кырсык болгон заводго экологиялык нормаларды бузгандыгы үчүн 6 жолу айып пул салынганын жергиликтүү басылмалар жазып чыккан. Учурда химиялык завод тиешелүү болгон компаниянын бир нече кызматкери камакка алынган.

Кырсык 22-мартта Хунань провинциясындагы Чанша трассасында орун алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
25.03.2019. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
28киши куйуп гул болуп калсан керек да астафурлах....
25.03.2019. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aiba.8327, куйгондон кийин гул болгонун биринчи угуп жатам можеть кул болуп калгандыр
25.03.2019. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер эмне жарылуу, өрт дагыле токтой элекпи?
25.03.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Farra16gsin, саламатсызбы! Буга чейин өрт өчүрүлгөндүгү кабарланган.
25.03.2019. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытай кырылып калса дагы бизге аттиң эмес.Кудай өзү сактасын,бөөдө кырсыктардан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: