Бюджет кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик угуу өтөт
29-мартта "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Бюджеттик кодексине жана Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө колдонуудагы мыйзамдардын нормаларына ылайык, Жогорку Кеңеш бюджет долбоорлорун жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётторду түзүү, кароо жана бекитүү маселелерин бир эле учурда кароого аргасыз болуп жатат. "Мындай жагдай Жогорку Кеңешке көпчүлүк учурда бюджеттердин долбоорлоруна жана бюджеттин аткарылышы тууралуу отчётторго толук кандуу талдоо жүргүзүү үчүн убакыт жетишпей жаткандыгына алып келүүдө. Натыйжада республиканын парламенти өкмөт тарабынан киргизилип жаткан бюджеттин долбооруна жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчётко карата өзүнүн иштелип чыккан сунушун берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой жатат", - деп жазылат маалыматта.





