super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Азия чемпиондугуна тандоо туру: Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курамы Иорданиядан ири эсепте жеңилди

 

Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курамасынын Азия чемпиондугуна тандоо турунун алкагындагы экинчи беттеши кечээ, 25-мартта орун алды. 23 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн курам Иорданиянын жаштар курамы менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.

Иордания курамасы алгачкы мүнөттөрдөн баштап оюндун нугун өз колуна алып, чабуулдарды уюштуруп жатышты. 14-мүнөттө айып аянтчасында Комолдин Ташиев эреже бузуп кыргыз командасынын дарбазасына 11 метрлик айып сокку дайындалды. Айып соккуну таамай аткарган иорданиялыктар эсеп санын ачып, оюндун алгачкы бөлүгү 1:0 эсеби менен аяктады.

Экинчи бөлүктө атаандаштар кайрадан бир нече кооптуу абалды жаратты. Дарбазачы Кутман Кадырбековдун мыкты коргонуусу кыргыз футболчуларынын дарбазасын бир нече голдон сактап калды. Бирок беттештин аяк жагында иорданиялык оюнчулар дагы 2 гол жаратып, голдордун айырмачылыгын ири эсепке жеткирди. Беттеш 3:0 эсебинде жыйынтыкталып, кыргыз футболчулары тайпалык баскычта экинчи жолу жеңилүүгө дуушар болду.

Азия чемпиондугунун тандоо турунда Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курамы Иордания, Кувейт жана Сирия өлкөлөрү менен Е тайпасына туш келген. Алгачкы беттеште кыргыз курамасы Сириядан 2:0 эсебинде жеңилген. Кийинки беттеш эртең, 26-мартта Кувейтке каршы өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.03.2019. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан онолот экенбиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: