super.kg logo

Жаңы кодекске ылайык, Ошто 80 жаштагы апасын урду делген жаранга 40 миңден 60 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн

 

Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районундагы айылдардын биринде жашы 80ге карап калган эне өз баласынан запкы жеп, "Ак жүрөк" кризистик борборуна жеткирилгендиги маалымдалган.

Учурда факты боюнча иш козголуп, тергөө амалдары улантылып жатканын Ош ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, апасын урган делген жаран 48 жашта. Ал мас болуп калып ушул ишке барганын айткан. Факт боюнча Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесинин негизинде (үй-бүлөлүк зомбулук) иш козголгон. Ушул жылдын башында күчүнө кирген жаңы кодекске ылайык, мындай учурда айыпталуучуга 40 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып салынат же 6 айдан 1 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

"Эми кандай чара көрүлөт сот чечет. Учурда тергөө амалдары улантылууда. Эне ушул баласынын колунда болгон. Ал көчөдө ыйлап жүргөн жеринен милиция кызматкерлери кризистик борборго алып келишкен", - деди маалымат катчы.

"Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси эне бул баласынан көргөн биринчи запкы эмес экенин айтканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.03.2019. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушул акыйкатка жатабы ойлонгулачы ашаны согуп койсо миллионго доого жыгат да апасын сабаган айбанга 40-60 минби берсин 4-5жыл эненин кадырын билдирет ал жактагылар
25.03.2019. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кодексинер бащынарда калсын сабатсыздар. Э бул деген апа жонокой кылмыщтын катарында дегени атасынарбы ошондо .
25.03.2019. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Штрафты кимге төлөйт ошондо??? Кыргызстан эң тез өнүккөн өлкөлөрдүн алдына чыгат го мындай болсо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: