super.kg logo

Салык кызматы декларацияны түн ортосуна чейин кабыл ала баштады

 

Салык органдары салык төлөөчүлөргө толук жардам көрсөтүү үчүн бүгүнкү күндөн тартып Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча өзгөчө режимге өтүштү.

Маалым болгондой, декларациялар 25-марттан тартып 31-мартка чейин дем алыш күндөрдү кошкондо эртең менен саат 09.00дөн түн ортосуна чейин кабыл алынат. "Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар", - деп айтылат маалыматта.

1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелери, ошондой эле жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчёт берүүлөрү керек.

Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 1 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Ал эми декларацияны өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата айыптан тышкары, ал декларанттардын тизмелерин прокуратура органдарына өткөрүп берүү менен жарыялоо каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.03.2019. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Охоо салык акча жыйноо дегенде тун ортосуна чейин иштейсинер, а документ берээрде мисалы паспортстол жана башка жерлерде иш убактысынан бир канча убакыт эрте бутот го ишинер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: