Нарын. Облуста ВИЧ менен каттоодо турган 54 жаран бар, анын 41и эркек, 13ү аял
Нарын облусунда учурда ВИЧ менен каттоодо турган 54 жаран бар. Мунун 6сы 2013-жылдын 6 ай аралыгында катталган. Жарым жылда Нарын шаарында, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал райондорунда бирден ВИЧ алып жүргөн жаран катталса, Кочкор районунда 2 жаран аталган илдетти жугузуп алганы белгилүү болду. Жалпылап айтсак, ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүчүлөр Нарын шаарында 9 болсо, Ат-Башыда 1, Ак-Талаада 3, Жумгалда 6, Нарын районунда 6, Кочкор районунда 29 жаран. ВИЧ жуктуруп алгандардын 41и эркек, 13ү аял.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

