super.kg logo

Каракчылык, бейбаштык, адамды уурдоо фактылары боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды

 

Каракчылык, бейбаштык, адамды уурдоо фактылары боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын февраль айында белгисиз адамдар тарабынан опузалап акча талап кылуу максатында шаар тургунун уурдоо уюштурулган. Анда шектүүлөр Бишкектин Токтогул көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен 26 жаштагы шаар тургунун күч колдонуп унаага салышып, эл жок жерге алып кетишкен. Шаардын четинен кылмышкерлер жабырлануучудан акча талап кылышып, арматура менен сабап, денесине оор жаракат келтиришкен. Бул факты боюнча Ленин РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 234-123- жана 168-беренелери менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү издөө иштери башталган.

Натыйжада бул ишке шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон адамдар кармалган. Алардын ичинен И.А. аттуу жаран үй камагына чыгып, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө качып кеткен. 2018-жылдын декабрь айында ага издөө жарыяланган. 2019-жылдын март айында шектүүнү кызматкерлер изделип жаткан жарандын кайда жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алышкан. Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында И.А. Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. Ошол эле күнү убактылуу кармоочу жайына камалган. ИИМдин маалыматы боюнча кармалган И.А. Нарын облусунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон. Уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: