Памир кыргыздарынын өлкөгө келгенине 1 жарым жыл болду. Эл өкүлдөрү менен жолугушууда алар жер тилке, турак жай сурашты

Ушул тапта Нарын облусунун аймагында памирлик 50 кыргыз жашап жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы бүгүн, 25-мартта билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринен келген 2 үй-бүлө Ат-Башы районунда, 9 үй-бүлө Нарын шаарында жашап жатышат.
"Бир үй-бүлөнүн мүчөсү расмий түрдө иш менен камсыздалган. Дагы 4 үй-бүлөнүн жумушка жарамдуу курактагылары акы төлөнүүчү ар кандай иштер менен алектенүүдө", - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.
Кечээ, 24-мартта этникалык кыргыздар менен айрым эл өкүлдөрү жолугушту. Жолугушуу учурунда памирликтер бүгүнкү күндө Кыргыз жергесине отурукташуу оюн айтып, маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн.
"Бир аймактан жер тилкеси берилсе турак жай куруу ниеттери бар экенин, бир айыл болуп отурукташсак деген тилектерин жана ушул маселе аларды түйшөлтүп жатканын депутаттарга айтышты", - деди маалымат катчы. Ошондой эле ал памирлик кыргыздар көрсөтүлүп жаткан жардамдарга ыраазычылык билдиришкенин кошумчалады.
Депутат Аида Исмаилова аларда Кайрылман макамын алган документтерди алуу көйгөй болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү Кайрылман деген макамы барлар билим алганы менен билим алгандыгы тууралуу документтерди ала албай турганы да маселе болуп жатканын кошумчалаган.


Нарынга кочуруп келген кыргыздар да кароосуз калды. Биринчиден аларды Нарынга эмес, Алайга кочуруп келуу керек болуучу, тоолуу айылдарынын бирине. Анткени памирлик кыргыздар Алайдан кеткен, каада-салты, диалекти ошол жакка жакын. Экинчиден Окмот аларды жон кочуруп келип койбостон шарт тузуп беруусу керек эле, кана ошол шарт?!!
Окмот ошол кочуп келген памирлик ар уй-булого жер тилкесин болуп берип, 2-3 комнаттан уй салып берсе болбойт беле?!! 600$га аттиш, 100 000 сомго бир отургуч, 600$га бир тал, 1500$га огнетушитель, 1400 еврого аттын макети, 9000 сомго бир кочот сатып алып миллиарддаган акчаларды максатсыз сапырып жатышат го?!!