super.kg logo
  Саясат  

Депутат Марлен Маматалиев: "Бабанов өзү расмий түрдө Кыргыз мамлекетине келем деп айта элек"

 

21-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев "Республика-Ата Журт" фракциясынын айрым депутаттары Орусияга барып, Өмүрбек Бабанов менен жолугуп келишкенин маалымдаган. Анда ал Бабанов өлкөгө кайтып келүүнү пландап жатканын айткан. Ошол эле күнү Өмүрбек Бабанов интернет аркылуу кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, "жакында көрүшкөнчө" деп жазды.

Андан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат деп билдирген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "УКМК Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келсе жоопко тартылат деди. УКМКнын Бабанов тууралуу билдирүүсүндө саясий куугунтуктун белгиси байкалабы?" деген собол салды.

Суроого жооп берген Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бабанов жазган “жакында көрүшкөнчө” деген сөздү ар кандай бурмаласа болорун белгиледи.

“Өмүрбек Бабанов расмий түрдө Кыргыз мамлекетине келем деп өзү айта элек. “Жакында көрүшкөнчө” деген сөздү ар кандай бурмаласа болот. Бирок партиялаштар жана биздин депутаттардын бир тобу жакында келет деп айтып жиберишти. УКМК Бабанов жакында келет, биз аны камайбыз деп айта албайт. Алар мыйзам чегинде чара көрүлөт деди. Эгерде Бабанов келсе УКМК аны суракка чакырат да, өлкөдөн чыгып кетпөө жөнүндө тил кат алышы мүмкүн”, - деди Маматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Максат Сабиров, укук коргоочу Рита Карасартова, саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: