super.kg logo

Адам өлүмүнө шектүү сот залынан кантип качып кетти. Окуянын чоо-жайы

 

Бүгүн, 25-мартта Аламүдүн райондук сотунда адам өлүмүнө шектелген жаран сот залынан качып кеткени кабарланган. Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов SUPER.KG'ге окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын айтымында, бул кылмыш иши боюнча жалпы 4 адам шектелип жатса, экөөнүн баш коргоо чарасы каралып, дагы экөө үйүндө болгон.

"Бүгүн оор кылмышка шектелип жаткан 2 жарандын баш коргоо чарасы каралмак. Бирок сот отуруму 8-апрелге жылып кетти. Буга жабырлануучу тараптын келбей калгандыгы себеп болгон. Ал эми шектүүлөрдүн бири сот залынан качып кетти деп таратылып жаткан маалымат чындыкка туура келбейт. Себеби буга чейин жалпы 4 адам шектүү катары каралып жатса, экөөнүн баш коргоо чарасы каралган эле. Дагы экөө бүгүнкү сот отурумуна чакыртылган. Бирок сот отурумга чейин эле экөөнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлсүн деп токтом чыгарып, аны РИИБиге жиберген. Биз айтып жаткан ошол 2 адам сотко келгенде бирин конвойлор кармап, экинчисин таппай калышыптыр. Мүмкүн ал качпай эле байкабай үйүнө кетип калган", - деди Байгазинов.

Басма сөз катчы кылмыш иштин чоо-жайы боюнча колунда документтер жок болгондуктан, толук маалымат бере алган жок. Ал эми Чүй облустук соту да азырынча толук маалымат бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
25.03.2019. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Иии.байкабай уйуно кетип калган имиш.детский сад жон эле куйгузосунорда.кантип байкабайт???ким тушундурот мага,кииим???
25.03.2019. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ха ха ха сонун жомок адам өлүмүнө шектүүлөр үй камагында мына сага. А канчалаган бейкүнөөлөр жатат абакта күнөөсү далилденбесе да. Балли!!!!!
25.03.2019. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Шалакылар. Ушинтип шылдын болушат да. Уйунон барып текшерип анан жооп жазышпайбы. Качса кундуз иш маалында качкандыр азыр саат 21 00 болду го
25.03.2019. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кошунасынан айттырып жибергиле кайтып келсин деп.
25.03.2019. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баардык эле жерде наёбка азыр
25.03.2019. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жөн эле ужинге кеткендир....Келип калат күтө тургула. ..
25.03.2019. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адамдын кытыгысын келтире турган жанылык екен
25.03.2019. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип
25.03.2019. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Качырып жиберген үчүн сидерди сотош керек, арасында силерда барсынар кылмыштын мүчөсү катары.
26.03.2019. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жоопту да келиштириптир го наркы жомокчулар.Кичине адам ишене турган нерсени айткылачы бай болгурлар,ушунча да доопарас болосунарбы?
26.03.2019. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Dembele84,булар дөөпарастар эмес уже кылмышкерлер болуп саналат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: