super.kg logo

Орусияда эс-тутумун жоготкон кыргыз келин дале реабилитациялык борбордо жатат

 

Буга чейин Орусияда эс-тутумун жоготуп, реабилитациялык борбордо жаткан Гүлнура Абдылдаеванын тагдыры тууралуу жазганбыз.

Апасы Айна Сактарова 25-мартта SUPER.KG'ге кайрылып, кызы азыркы тапта да реабилитациялык борбордо жатканын айтты. Анын айтымында, кызы Абдылдаева жакында мээсиндеги шишигинен улам Москва шаарындагы ооруканалардын биринен дарыланып чыккан.

"Жол кырсыгынан кийин мээсинде шишик пайда болуп, ар 6 айда ооруканага дарылантып турчумун. Кийин дарыланбай калып шишиги чоңоюп кетиптир. Жакында гана өзү жаткан реабилитациялык борбор тарабынан дарылануудан өттү. Азыр кайра ошол борбордо жатат. Себеби өзүм улгайган кишини карап иштегендигимден улам шартым жок. Эми эң негизгиси кызыма операция жасатуу керек", - деди Сактарова.

Мээсиндеги шишигине Орусиядан операция жасоо акысы 500 миң рубль. Ал эми Израилде мындай операциянын баасы 50 миң доллар турат.

Ушул жылдын 23-январында Кубан Абылкасымов аттуу Кыргыз жараны 37 жаштагы Абдылдаеванын сүрөтүн интернетке жарыялап, жакындарын табууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Андан кийин анын апасы табылган. Апасы кызы турмушка чыгып, 2007-жылы кыздуу болгонун, 2009-жылы Москва шаарындагы көчөлөрдүн биринде унаа сүзүп кетип, башына операция жасалганын билдирген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: