super.kg logo

Ботсванада аялы менен урушуп кеткен учкуч учак менен үйүн сүзүп каза болду

 

Ботсванада аялы менен урушуп кеткен учкуч учак менен үйүн сүзүп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Ботсвананын борбору Габоронеде орун алган. Анда аялы кош бойлуу болгондугунун урматына арналган кечеде күйөөсү менен аялынын ортосунда уруш чыккан.

"Мас абалдагы күйөөсү аялын жаакка чаап жибергенден кийин достору арачыга түшүп, аны сыртка чыгарып коюшкан. Буга ачууланган күйөөсү башка адамга таандык жеке учакты айдап качып, аялынан өч алмай болгон. Үйдүн ичинде отурган досуна чалып, аялы үйдүн кайсы бөлмөсүндө отурганын аныктаган соң учак менен үйдү сүзгөн. Натыйжада бир нече унаа жана үй толугу менен өрттөнүп кеткен. Үйдүн ичиндеги адамдардын баары кырсыкка чейин сыртка чыгууга жетишкен. Оор жаракаттардан улам аялына өчөшкөн жаран каза болуп калган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.03.2019. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акмак го,аялынын боюнда бар экенине кубанып,той өткөрүп жатып,кайра ошол өзү жасаган баласын өлтүрөюн деген экенда ээх. Кара башына көрүнүптүрда тооба кылдым.. .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: