super.kg logo
  Саясат  

"Манас" эпосун ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү боюнча эксперттик кеңеш менен депутат Карганбек Самаков жолугушту

 

25-июлда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде депутат Карганбек Самаков менен «Манас» эпосун жана кыргыздын руханий байлыктарын ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк руханий мурастар тизмесине каттоо боюнча эксперттик кеңештин жолугушуусу болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга  маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев, белгилүү жазуучулар, ЮНЕСКО иштери боюнча эксперттер - Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов жана Роза Аманова катышты. Пикир алмашуу учурунда буга чейин жасалган иштер менен катар алдыдагы максаттар талкууланды. Ал эми ушул жылдын июль айынын соңку күндөрүндө Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун чет өлкөгө жасаган иш сапары учурунда ЮНЕСКОго мүчө мамлекеттердин элчилери жана туруктуу өкүлдөрү, эксперттери менен жолугушуусу күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: