super.kg logo

Шашылыш билдирүү! 28-30-март күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт

 

Өлкө аймагында 28-30-мартта туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.

Маалыматта айтылгандай, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Кайсы аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар?

26-март күнү абанын температурасынын жогорулашына жана 27-30-марттарда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар күрткүсү жаралып, кар көчкү түшүү коркунучтары бар.

  • Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
  • Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында;
  • Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында;
  • Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу участкасы), 67-90-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу);
  • Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Бүгүн, 26-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

31-мартта жана 1-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.03.2019. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аба ырайыны чыгарбай койдунуздар го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: