super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 26-МАРТ: Улуттук курама команданын футболчусу Павел Сидоренко 32 жашка чыкты

 

Футбол боюнча улуттук курама команданын жана "Дордой" клубунун жарым коргоочусу Павел Сидоренко 1987-жылы 26-мартта Бишкек шаарында туулган. Ал профессионалдык карьерасын 2004-жылы Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курама командасынын катарында баштаган.

2006-жылы "Мурас-Спорт", 2007-жылы "Авиатор", 2008-2017-жылдары "Алга" клубдарынын курамында ойногон. 2017-жылдан бери бишкектик "Дордой" футболдук клубунда оюн көрсөтүп келет.

2010-жылы өлкөнүн олимпиадалык курамында Азия оюндарына катышып, 3 оюнда 1 гол жаратууга жетишкен. Улуттук кураманын негизги составында 2007-жылдын 21-августунда Сирияга каршы беттеште дебют жасап, бүгүнкү күнгө чейин 27 оюнда талаага чыккан. 2019-жылдын башында Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия кубогуна катышуучу 23 футболчунун катарына кирген.

Сидоренко 4 жолу (2007, 2009, 2011, 2017) футбол боюнча өлкө кубогун жеңип алса, 3 жолу (2007, 2008, 2009) Топ-Лиганын күмүш медалын тагынган.

26-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: