super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Жалал-Абад Электр" ишканасы: "Мамлекеттик мекеме-ишканалардын карызы 42 миллион сомдон ашты, кызматкерлерге айлык ошонун эсебинен төлөнөт"

 

"Жалал-Абад Электр" ишканасынын кызматкерлери 3 айдан бери айлык акы ала элек деген маалымат боюнча аталган ишкананын маалымат катчылыгы жооп берди. Белгилей кетсек, буга чейин окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" маалымат жөнөтүп, анда ишкананын кызматкерлери 3 айлык акысын ала электигин айткан.

"Негизинен айлык акы электр энергиясын кардарларга сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен берилет. Февраль айынын айлык маянасы 15-мартка чейин төлөнүшү керек болчу, бирок мамлекеттик мекеме-ишканалардын электр энергиясына болгон жалпы карызы 42 миллион сомдон ашты. Бүгүнкү күндө бул сумма төлөнө элек. Март айынын аягына чейин февралдын айлыгы берилет. Ал эми март айынын айлыгы апрель айынын 15ине чейин эсептелинип, төлөнөт", - деп билдирди "Жалал-Абад Электр" ишканасынын маалымат катчысы Жыпариза Уметалиева.

Маалымат катчынын айтымында, кызматкерлердин январь айынын айлык акысын ала электиги тууралуу маалымат жалган. "Январь айынын айлыгын кызматкерлер февраль айында алышкан", - дейт Уметалиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.03.2019. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жалган эле, февральдын айлыгын эч качан марттын он бешине чейин бербейт, апрельдин он бешине чейин берсе да жарымын берет. Булар айлыкты бербей карапайым жумушчуларды аябай эле кыйнашты. Кантип эле акча тушпойт, ай сайын эле планга чыгып атса.
26.03.2019. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Териштиргиле 42 миллион деген акчаны
26.03.2019. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимиси жегенин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: