super.kg logo
  Спорт  

АФК Кубогу: "Дордой" клубунун беттештеринин жадыбалы белгилүү болду

 

3-апрелде АФК Кубогунун тайпалык баскычынын алкагындагы беттештер старт алат. Бул тууралуу "Дордой" футболдук клубунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тайпалык баскычтын беттештери 3-апрелде старт алып, 26-июнда жыйынтыкталат.

"Дордой" клубу "Алтын Асыр", "Истиклол" жана "Худжанд" клубдары менен биргеликте D тайпасына туш келген. Тайпалык баскычтын алкагында ар бир клуб өз талаасында жана конокто беттеш өткөрүп, эң көп упай топтогон команда мелдештин кийинки баскычына өтөт.

Бишкекте клубдун беттештери Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Билет баасы 150-200 сом.

Мелдештердин жадыбалы:

3-апрель
"Дордой" - "Алтын Асыр" (Түркмөнстан)

17-апрель
"Худжанд" (Тажикстан) - "Дордой"

1-май
"Истиклол" (Тажикстан) - "Дордой"

15-май
"Дордой" - "Истиклол" (Тажикстан)

19-июнь
"Алтын Асыр" (Түркмөнстан) - "Дордой"

26-июнь
"Худжанд" (Тажикстан) - "Дордой"

Азия футбол конфедерациясынын рейтингине жараша футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугунун жеңүүчүсү АФК Кубогунун тайпалык баскычына жолдомо алат. Ал эми күмүш медалдын ээси тайпалык баскычка өтүү үчүн тандоо туруна катышат. Өткөн сезондогу Топ-Лиганын 2-орунун жеңип алган "Алай" футболдук клубу тандоо турунда түркмөнстандык "Ахал" клубунан жеңилип, мелдештен четтеп калган.






АФК Кубогу: 3-апрелде "Дордой" клубу "Алтын Асырды" кабыл алат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.03.2019. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апрель деп оңдоп койгула
27.03.2019. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буйруса утат себеби улуттук кураманын балдары ойнойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: