super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кыргыз аскери жок бекен? Бишкектеги Аскер комиссариатынын баннеринде казак аскерлеринин сүрөтү турат" дейт окурман

 

"Бишкектеги Биринчи Май райондук Аскер комиссариатынын сыртында жаштарды патриоттуулукка чакырган жоокерлердин сүрөттөрү илинген. Жанына барып карасаңар, жоокерлердин көкүрөгүндө Казакстан деп жазылып турат. Эмне кыргыз аскерин тартып койсо болбойбу?" - дейт окурман. Ал комиссариаттын жанынан өтүп баратып ушундай баннерге көңүлү бурулганын айтып "ЭЛДИК КАБАРГА" видеосу менен бөлүштү.

"Кыргыз мамлекети жоопкерчилик алган эч ким жоктугунун айынан да өнүкпөй жатабы деген ой келет. Бул да катардагы жоопкерчиликсиздиктин белгиси. Аталган райондук комиссариат жаштарды патриоттуулукка үндөө максатында кеңсесинин сыртына аскерлердин баннерлерин илген экен. Жакын барып карасаңар аскерлердин көкүрөгүндө Казакстан деп жазылган жана башка атрибуттары түшүрүлгөн. Казактардын бир парадынан тартылган сүрөттү интернеттен көчүрүп алып эле баннерге түшүрүп койгону көрүнүп турат. Ага деле миңдеген сомдук каражаттын сметасын түзүп алып каражат коротуп чыгарышса керек. Ошого жараша жакшынакай кыргыз аскерлерин өзүбүздүн форма менен эле фотосессия кылып тартып, чыгарып коюшпайт беле?" - дейт окурман.

Ал видео 24-мартта тартылганын айтат. Ушундай майда шалаакылыктан баары башталат деп кошумчалады окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Баннерге түшүргөнгө кыргыз аскерлери табылбай калганбы?

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
26.03.2019. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Азззаматсын автор
26.03.2019. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эми эртее алмаштырып коёбуз.
26.03.2019. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эми эмне деп жооп табат экен.
26.03.2019. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Меникин койсо деле сүрөтүм бермекмин.
26.03.2019. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушуга деле бироонун тологон акчасы кетти да налогбу же алтернативанын акчасыбы.
27.03.2019. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеону тарткан авторго: бул жер Кыргызстан Орусия эмес, а сен орусча сүйлөп атасың, ким болсоңда, мейли орус болсоңда.
Бирок катасын туура белгилегенсиң.
27.03.2019. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Военкомат кызматчыларын кызматтан кетирүү керек о.эле. кеткен каражатты төлөп беришсин.
27.03.2019. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин Кыргыздарды качан кордун бир ишти туура кылганын?Ушул жердеда акчаны чонтоко урганда бул жагын эптеп бутуруп.Суроотто эле ээлеген эмес чыныгы Кыргызстандагы чон ишканаларда толтура чет элдиктер олтурат.Барсан орой суйлоп оз тилин Беришбейт.Кыргызстандагы эн жакшы майлуу суттуу жерлерди башкалар ээлегенда бечара кыргыздар башка жакта мигрант болуп кордук коруп аран уйбулосун багып жатат.Ушуларды деле кетирип озубузду жумушка алса жакшы болот элего.
27.03.2019. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул басмакананын катасы. военкоманттагылар буйрутма беришти, басамаканадагылардын акылы жоктугу
27.03.2019. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cere,илгенде оздору илгенда баарибир,карап илишпейби акчасын толоп аткандан кийин талап кылыш керек да,конул кош мамиле кылып а буттубу бутту дешпей,
Медиа-портал
29.03.2019. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Намыс дегенден эч нерсе жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: