super.kg logo
  Саясат  

Депутат Исхак Масалиев: "Орусия менен чоң долбоорлорду иштеп чыгуу керек"

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз жерине мамлекеттик сапары менен 28-мартта келет. Кыргыз Республикасы үчүн Орусия негизги стратегиялык өнөктөш болгондуктан бул сапар абдан маанилүү. Анда бир нече документтерге кол коюлмакчы. Ошондой эле тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

SUPER.KG порталынын "Бул сапарда негизги кандай маселелер көтөрүлүшү керек?" деген соболуна депутат Исхак Масалиев жооп берди.

Ал Путин менен жолугушуунун алкагында биринчи кезекте мигранттардын маселелери көтөрүлүшү керектигин айтты.

"Алардын бүгүнкү күндөгү акыбалы болобу же жашоо шарты боюнчабы, кандайдыр бир жол-жобосун иштеп чыкса жакшы болмок. Мисалы, Якутск шаарында жагымсыз окуя орун алды, анын кесепети менен көп мигранттарга терс таасири тийди. Эгер ушундай окуялар кайталанса мигранттардын келечеги чатак болот. Экинчиден, кандай болсо да Орусия менен чоң долбоорлорду иштеп чыгуу керек. Долбоорлор кайсы тармакка тиешелүү болсо да, биздин мамлекетибиздин экономикасына түрткү болуп, салым кошо ала тургандай иштелип чыкса жакшы болмок”, - дейт Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Аалы Карашев, Алмамбет Шыкмаматов, саясий серепчи Игорь Шестаков, экс-депутат Феликс Кулов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: