super.kg logo
  Саясат  

Саясий ишмер Темирбек Асанбеков: "Орусия азыр эл аралык геосаясий маселенин өтө оор сыноолорун башынан өткөрүп жаткан мезгил"

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз жерине мамлекеттик сапары менен 28-мартта келет. Кыргыз Республикасы үчүн Орусия негизги стратегиялык өнөктөш болгондуктан бул сапар абдан маанилүү. Анда бир нече документтерге кол коюлмакчы. Ошондой эле тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

SUPER.KG порталынын "Бул сапарда негизги кандай маселелер көтөрүлүшү керек?" деген соболуна саясий ишмер Темирбек Асанбеков жооп берди . Ал кыргыз тарап Владимир Путин менен жолугушуу учурунда энергетика, өндүрүштүк заманбап технология жана айыл чарба тармагына салым кошо турган долбоорлорду сунушташы керектигин айтты.

“Бул сапарда Орусия Кыргыз өлкөсүнө өтө жогорку статустагы мамлекеттик деңгээлде, эл аралык саясий-экономикалык маанидеги сунуштары менен келишет. Биздин бийлик институттарыбыз сапаттуу, татыктуу шарттарда тосуп алып, азыркы оор улуттук экономикабызга түрткү боло турган энергетика, өндүрүштүк заманбап технология жана айыл чарба тармагына салымын кошо турган эки мамлекеттин ортосундагы инвестициялык долбоорлорду сунуштай алат деп үмүттөнөм.

Орусия азыр эл аралык геосаясий маселенин өтө оор сыноолорун башынан өткөрүп жаткан мезгил. Ошондуктан экономика эле эмес, тыгыз саясий интеграциялык процесстерди сапаттуу деңгээлге камсыздоо маселесин да көтөрүүсү күтүлөт”, - деди Асанбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Аалы Карашев, Алмамбет Шыкмаматов, Исхак Масалиев, саясий серепчи Игорь Шестаков, экс-депутат Феликс Кулов, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: