Бишкекте унаанын рулун башкара албай калган айдоочу даракты сүзүп, 45 жаштагы жүргүнчү аял каза болду
Бишкекте унаанын рулун башкара албай калган айдоочу даракты сүзүп, жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 25-март күнү таңкы саат 06:30 чамасында Абдрахманов көчөсүндө болгон.
"Toyota Prius үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып, рулга ээ болбой даракты сүзүп токтогон. Мындан улам жүргүнчү катары кетип бара жаткан 45 жаштагы аял киши каза болгон. Ал эми айдоочу кырсыктан денесинен ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Учурда кырсык боюнча тийиштүү маалыматтар менен кызматкерлер иш алып барууда", - деп билдирет басма сөз катчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.