super.kg logo

Июлда балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө кошумча тиркеме берүү токтотулат. Мамлекеттик каттоо кызматы себебин түшүндүрдү

 

Ушул жылдын 1-июлунан тартып балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө чет өлкөгө чыгуу үчүн кошумча тиркелип келген аныктама берүү токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Дамира Азимбаева SUPER.KG порталына билдиргендей, ал документтин коргоо элементтери жок болгондуктан Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан ушундай токтом кабыл алынды.

"Ата-энелер 16 жашка чыга элек балдарын Өзбекстан, Казакстан же Орусияга алып чыгып кетип бара жаткан болсо, анын Кыргыз жараны экенин тастыктоо үчүн күбөлүгүнүн ичине аныктама тиркелчү. Бирок анда коргоо элементтери жок болчу. Себеби чек арадан өтүүсү үчүн эле ак кагазга баланын сүрөтү чапталып, мөөр басылчу. Коргоо элементтери жок болгондуктан жасалмалоого, бурмалоого орун берилип кеткен учурлар көп болгон. Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биз ал аныктаманы 1-июлдан тартып жокко чыгарып жатабыз.

Эгерде бир ай аралыгында жогоруда аты аталган 3 өлкөгө чыгып келиши керек болсо, бир айлык мөөнөт менен берип жатабыз, 1-июлдан кийин аны да бербейбиз. Ошол себептүү ата-энелер жалпы эрежелер менен 530 сомго паспорт алуулары керек болот", - деди Азимбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.03.2019. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вкладышты айтып жатышабы ошондо?Балага паспорт алуу учун кандай документтер керек, ошол боюнча да маалымат алып берсенер жакшы болмок,азыр копчулук эле жаш балдар ата энеси менен чыгып атбайбы чет олкого
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: