ID-карта жана жалпы жарандык паспорт алуунун баалары өзгөртүлдү (тизме)
ID-карта жана жалпы жарандык паспорт алуунун баалары өзгөртүлдү. Бул тууралуу Мамлекттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Аталган мекеменин уюштуруу жана коммуникациялык иштер бөлүмүнүн адиси Дамира Азимбаева жаңы тарифте паспорт алуунун баалары жогорулап кетти деген маалымат чындыкка жатпай турганын, тескерисинче төмөндөгөнүн SUPER.KG'ге билдирди. Анын белгилешинче 2, 4, 8 күндө паспорт берүү арзандап, бир гана үч саатта паспорт берүүнүн баасы жогорулаган. Ошондой эле 2017-жылкы үлгүдөгү ID-картанын баасы буга чейин 290 сом деп белгиленсе, учурда 260 сом болду. Ал эми жалпы жарандык паспортту алмаштыруу баасы буга чейин 590 сом болсо, учурда 530 сомго төмөндөдү.
ID-карта паспортунyн баасы:
алмаштыруу - 260 сом;
алгачкы жолу алуу - 260 сом;
жоготуп же бузуп алуу - 260 сом;
аты-жөнүн өзгөртүү - 290 сом;
этникалык кыргыздар - 260 сом.
ID-карта паспортун алууну тездетүүнүн баасы:
8 күн - 1030-1060 сом;
4 күн - 1340-1370 сом;
2 күн - 1630-1660 сом;
3 саат - 4270-4300 сом.
Жалпы жарандык паспорттун баасы:
алмаштыруу - 530 сом;
алгачкы жолу алуу - 530 сом;
жоготуп же бузуп алуу - 730 сом;
аты-жөнүн өзгөртүү - 630 сом;
этникалык кыргыздарга - 530 сом.
Жалпы жарандык паспортту тез арада алуунун баасы
8 күн - 1970-2170 сом;
4 күн - 2250-2450 сом;
2 күн - 2580-2780 сом;
3 саат - 6190-6390 сом.













1 |