super.kg logo
  Саясат  

Бир жылга жакын жыйынга келбеген депутатты мандатынан ажыратуу маселеси боюнча фракция спикерге кайрылды

 

Ант берген күндөн тарта жыйынга келбеген депутат Насыр Мусаевди мандатынан ажыратуу маселеси боюнча "Кыргызстан" фракциясы спикер Дастанбек Жумабековго кайрылды.

Фракция лидери Алмазбек Баатырбеков SUPER.KG порталына билдиргендей, 30 жолу пленардык жыйынга келбей калса, депутат мандатынан ажыратылат. "Насыр Мусаевдин ооруганына байланыштуу 45 күн пленардык жыйынга келген жок. Анын мандатын карап көрүү боюнча фракциянын атынан Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылдым. Спикер бул маселени кароону Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке жөнөттү. Аталган комитеттин депутаттары кийинки аптада жумушка чыгышса, маселе каралат деп ойлоп жатабыз", - дейт Баатырбеков.

Былтыр 18-апрелде Насыр Мусаев Жогорку Кеӊештин жыйынында ант берген. Ал депутат Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келген. Ант берүүгө мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасы менен келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: