super.kg logo
  Саясат  

Ташиев Бабанов менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, "жакында көрүшкөнчө" деп жазды

 

Саясатчы Камчыбек Ташиев экс-депутат Өмүрбек Бабанов менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, "жакында көрүшкөнчө" деп жазды. Бул тууралуу Ташиев бүгүн, 26-мартта жазып чыкты.

Ал Бабанов менен жолугуп, саясат тууралуу талкуулаганын SUPER.KG порталына билдирди. "Мен жеке иштерим менен Москвага баргам. Ошонун арасында Өмүрбек Токтогулович менен да жолугуп, баарлаштык. Анын ой-максаттары жакшы, кандайдыр бир радикалдуу, жаман ойлорун байкаган жокмун", - дейт Ташиев.

21-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев "Республика-Ата Журт" фракциясынын айрым депутаттары Орусияга барып, Өмүрбек Бабанов менен жолугуп келишкенин маалымдаган. Ошол эле күнү Өмүрбек Бабанов интернет аркылуу кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, "жакында көрүшкөнчө" деп жазган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат деп билдирген.

Эртең, 27-мартта Өмүрбек Бабановдун кайтып келиши боюнча маалымат жыйын өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: