"Жалал-Абадда жаңы салынган жер өтмөктөн суу тамчылап, айрым жарандар даараткана кылып алышты" дейт шаар тургуну






Жалал-Абад шаарындагы жаңы салынган жер өтмөктөн суу тамчылап, бат эле иштен чыкты деп билдирет шаар тургуну.
Анын айтымында, жер өтмөктүн толук ишке берилгенине 6 ай боло элек.
"Бирок аз убакыт өтпөй четинен бузула баштады. Үстүнөн суу тамчылап, кээ бирлер бул жерди даараткана катары колдонушат. Биздин эле жигиттер жөн өтпөй күчүн сынап, дубалдарды тээп өтүшөт. Бүгүн электр зымдарын бирөө бузуп кетиптир. Суроо туулат, ким күнөөлүү? Ким ушундай абалга алып келди? Өкмөт, президент, депутаттар?" - дейт шаар тургуну.
SUPER.KG порталы жогоруда сөз болгон тараптын да пикирин жарыялоого даяр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Ар ким оз пайдасы учун жан талашат.
Элдин акысын уурдагандарга болсо соз жок!!!(((