super.kg logo

"Мен ага 32 миллион рубль коротком". Орусияда 65 жаштагы испаниялык бизнесмен 40 жаштагы орусиялык көңүлдөшүн өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелүүдө

 
Сүйүктүүсүн өлтүрүүгө шектелген Николас Мартинес.
Жабырлануучу Ольга К.

Орусияда 65 жаштагы испаниялык бизнесмен 40 жаштагы орусиялык көңүлдөшүн өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Көңүлдөштөрдүн мамилеси 14 жыл созулган. Мурун эки жолу үй-бүлө куруп, 3 балалуу болгон Николас Мартинес 40 жаштагы Ольга К. аттуу айымга бул жыл аралыгында материалдык жардам көрсөтүп, ага үй жана унааларды алып бергенин айтат.

"Бишкектен башталган сүйүү..."

Учурда өз өмүрүнө кооптонуп жаткан Ольга бизнесмен менен Бишкекте таанышкан. "Экөөбүз 14 жыл мурун таанышканбыз, анда мен Бишкекте жашачумун. Досторубуз менен ресторанда отурсак ал мага келип таанышты. Ошентип экөөбүздүн мамилебиз башталган" деп билдирген жабырлануучу. Түштүк Африка жана Европада текстилдик фабрикасы бар бизнесменге анын жүрөгүн багындыруу оор болгон эмес. Ал колунан келген колдоосун көрсөтүп, сүйүктүүсүнүн жашоосун жакшыртуу үчүн акчалай жардам, кымбат баалуу белектерди берип келген. Колу ачык бизнесмен андан жакшы мамиле күткөнү менен, ага ээ боло алган эмес. "Таанышканыбыздан кийин 3 жыл өтүп менин ага болгон сүйүүм түгөндү. Анын мага карата олуттуу мамилесин көргөн жокмун" дейт Ольга.

Айына 4 миң евро...

Жүрөгү жараланган Николас сүйүктүүсүнүн жүрөгүн багындыруу үчүн айына 4 миң евро берип келгенин айтат. Муну анын достору да тастыктаган, ошондой эле улгайган бизнесмен кымбат баалуу гаджеттерди белекке берип, ар кайсы өлкөдөгү кымбат баалуу эс алуучу жайларга алып барып жүргөн.

"14 жыл аралыгында мен ага 450 миң евро сарптаптырмын" деп бизнесмен тергөөчүлөргө сурак учурунда билдирген. "Алгач Бишкектен Омск шаарына, кийин Санкт-Петербургга көчкөндө батирди ижарага алууга, кийин 3 бөлмөлүү батир сатып алууга көмөктөшкөм. 3 унаа сатып алууга жардам бергем", - деп кошумчалаган көңүлү калган Николас.

Сүйүүдөн жек көрүүгө бир кадам...

14 жылга созулган сезимдер акыры сууп, сүйүктүүсү башка адам менен мамиле курганын уккан бизнесмен аны өлтүрүүнү чечкени айтылат. Буга чейин анын сезимдеринин күчтүүлүгү Ольганын мурунку жолдошунан кыздуу болгонуна да көз жумган болсо, анын жаңы америкалык жигитин укканда төбө чачы тик турган. Алгач ал Ольга менен элдешүү аракетин көрүп, бирок анын салкын мамилеси өч алууга түртөт делет.

Бизнесмен Омск шаарына учуп келип сүйүктүүсү менен жолугушуп, экөө сүйлөшкөн. Ольга аны кайра чет өлкөгө узатып, ижарага алынган унаа менен аэропортко жөнөшкөн. Ольга "ал унааны аябай жай айдап жүрүп алды, мен аны артка отуруп өзүм айдоону сунуштадым. Орто жолдон ал моюнума жип салып, муунтуп өлтүрүүгө аракет кылды" деп билдирген арызында. Унааны кароо учурунда анын ичинен кара мүшөктөр, скотч жана жип табылган. Николас Санкт-Петербургга учуп, ал жактан Испанияга учууга камданып жаткан жеринен полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда анын жактоочусу "ал Оляга тийген эмес, жолдон Николас мындан ары акчалай жардам көрсөтпөй турганын айтып ортодо уруш чыккан. Оля андан өч алуу аракетин көрүп жатат" деп билдирген. Сүйүктүүсүн өлтүрүүгө аракеттенген бизнесмендин күнөөсү далилденсе, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(11)
27.03.2019. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ой тообо
27.03.2019. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул киши деле акчасына куйуп жатат тушунуш керек
27.03.2019. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акча ондуройун деген бир кополокда
27.03.2019. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизнесмен эмнени каалады эле анан?Закондуу кылып албай эле ойнош катары акча коротуп журсо,наркы оруска баарибир да,жок жерден акча келип атса каалагандай сайрандап журду да,озу каалаган жигиттер менен мамиле куруп.
27.03.2019. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Dembele84,суйуу да жаш кызды суйуп калган суйгон адамынан эч нерсе аябайсын
27.03.2019. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орустар испандандарды кубалагыла россиядан ...........
27.03.2019. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elchi84, кыйраттын..андан эч нерсе чечилбейт
27.03.2019. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча менен сүйүүнү, убакытты сатып алса болбойт! Картаң эле эркек экен 50 жаштан баштап аял караштырса деле болмок 65теги эркек. Ольга 40 жашта экен. Биринчиден Ольга ал адамды кыйнаган жок мага акча салып тур деп. Акча салып, кымбат белек алып берсе эле ага тийгенге милдеттүү болуп калбайт. Ольга ал эркек менен жашагысы келбегенин билгенден кийин жөн эле акча, кымбат баалуу белектерин ала бербей, үмүтүн үзүп, ачык айтып мамилени үзүш керек эле. Уят да анын сезимдерин өзүнүн байуусуна колдонгон
27.03.2019. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул бизнесменге акча юрунда,журогу ооруп турат бечаранын,суйуу жаман нерсе,ошон учун никелешип анан ишти кылыш керек,патыратып туудуруп ийиш керек,эч жака тийе албай калат
Jeenbek. түзөттү 2019-03-27 20:51:31
27.03.2019. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми Орустардын аялдары ушундай болот . Буга тан калуунун кереги жок . Кайсыл жерге барба орустун аялдары ушинтип эле журушот
27.03.2019. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызганыч себеп болгонго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: