Кыргыз-казак чек арасынан автоунаа уурдап, издөөдө жүргөн жаран кармалып, камакка алынды
Кечээ 22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук ИИБинин кызматкерлери тарабынан Казакстандын чек арасынан уурдалган машинаны айдап бара жаткан айдоочу кармалды. Ушул жылдын жай айынын аягында борбор калаадагы унаа жуучу жайлардын биринде Лексус RX330 үлгүсүндөгү унаа уурдалгандыгы тууралуу арыз келип түшкөн. Издөө жана иликтөө иштеринен соң милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле унаа жуучу жайда иштеген 1991-жылы туулган Максат Казиев уурдаганы анык болуп, бирок ушул убакытка чейин кармалбай келген. Эми минтип издөөдөгү айыпталуучу "Ак-Жол" өткөрүүчү жайынан аталган унааны айдап бара жаткан жеринен кармалып, кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.