super.kg logo

O!Store дүкөндөрүндө Xiaomi маркасынын 2019-жылы өндүрүлгөн жаңы смартфондорун ашык төлөмдөрсүз бөлүп төлөөгө алса болот

 

O!Store дүкөндөр тармагына бардык элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Xiaomi смартфондорунун жаңы өнүмдөрү келип түштү, алардын артыкчылыктарына кошумча катары баштапкы төгүмсүз жана ашык төлөмдөрсүз бөлүп төлөөгө сатып алуу мүмкүнчүлүгү кошулду*.

Быйылкы жылдын башында Xiaomi тарабынан сунушталган эң жаңы, акыркы моделдери сатыкка чыгарылды!

  • Mi9 – оригиналдуу дизайны, үч мыкты негизги камерасы, өтө тез зымсыз зарядкасынын колдоосу менен жаңы флагман... бул смартфондун артыкчылыгын санап бүтө албайсың. Эң жакшысы – аны бир эле көрүү керек! Быйылкы жылдын Android операциондук тутумундагы кубаттуу смартфондорунун бири 6660 сомдон баштап бөлүп төлөөгө жеткиликтүү;
  • Redmi Note7 тууралуу бир эле сап жазса жарашат: ал сонун, алуу керек! Смартфон заманбап дизайнга, мыкты өзгөчөлүктөргө жана Xiaomi смартфондору үчүн 48 мегапикселдүү камерага ээ болгон. 2825 сомдон баштап бөлүп төлөөгө жеткиликтүү;
  • Xiaomi Redmi7. Жупуну баасына карабастан, бул түзүлүш кызыктуу техникалык өзгөчөлүктөргө ээ, анын ичинде ным өткөрбөгөндүгү өзгөчө орунда турат. Ошондой эле бул смартфон чоң дисплейи жана энергия сыйымдуу аккумулятору менен мактана алат. 1925 сомдон баштап бөлүп төлөөгө жеткиликтүү.

Xiaomi смартфондорунун 20дан ашуун моделин www.ostore.kg сайтынан тандап алса болот, ошол эле жерде видеосерептерди көрүп, смартфондордун толук өзгөчөлүктөрү менен таанышса болот.

Смартфонду бѳлүп тѳлѳѳгѳ жолжоболоштуруу үчүн Сизге керек боло турган документтер:

  • Паспорт (Эгер паспортуңуз жаңы үлгүдөгү – биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жериңизден маалымкат);
  • 3 айга же андан ашык мөөнөткө Айлык акы тууралуу маалымкат (Эгер сиз жеке ишкер болсоңуз, 3 айга жарактуу патент көрсөтүү керек).

Кененирээк маалыматты жана конкреттүү моделдин бар экендигин 0705 007 000 телефону, интернет-дүкөнүнүн ostore.kg сайтынан жана O!Store дүкөндөрүнөн алса болот. Жеткирүүнү жолжоболоштурганда жагымдуу белек – О! түйүнүндөгү 10 ГБ максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернетке ээ болосуз (Бишкек шаарынын чегинде жеткирүү акысыз).

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.

*Акция 2019-жылдын 15-мартынан баштап 31-майына чейин насыяны жолжоболоштурганда жүрөт. Акцияга бардык Xiaomi смартфондору киргизилген. Акциянын шарттары: баштапкы төгүм 0%, пайыздык коюм 0%, насыя мөөнөтү 3 же 6 ай, насыянын босоголук суммасы – 70 000 сом, 1 жеке адамга смартфондордун саны - 3 даанадан ашык эмес, "Переходи на О!" тарифтеринин топтомуна 50% арзандатуу берилбейт. Банк себептерин түшүндүрбөстөн насыя берүүдөн баш тартуу укугуна ээ. Товардын саны чектелүү. Товар тастыкталган. Баалары сом менен көрсөтүлгөн жана 2019-жылдын 27-мартына карата жарактуу. Толук маалымат ostore.kg сайтында. "Дос Кредобанк" КРУБ лицензиясы: №037.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(1)
27.03.2019. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барган менен бербейт екенсинорго айлыгыныз жетпейт екендеп озу Кыргызстанда 10минден ашык айлык барбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: