super.kg logo

Баткен районунун тургуну: "Жеңиш Разаковду "тыңчы" деп атап, кызматынан кетирүү тажик тарапка пайдалуу болот"

 

Жеңиш Разаковду "тыңчы" деп атап, кызматынан кетирүү тажик тарапка пайдалуу болот. Мындай пикирин бүгүн, 27-мартта Баткен районунун тургуну Гыламидин Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, вице-премьер министр Баткендеги кырдаалды жакшы билет жана чек ара боюнча эки тараптын сүйлөшүүлөрүндө Кыргыз өлкөсүнүн таламын талаша алат. Буга байланыштуу тажик басылмалары Разаковго ар кандай жалаа жабуу менен аны кызматынан четтетүү аракетин көрүп жатышат.

"Жеңиш Разаков Баткен облусунда 19 жылга жакын эмгектенген. Катардагы милиция кызматкеринен тартып, облус жетекчисине чейин жеткен. Ал кишидей чек арадагы көйгөйлөрдү жакшы түшүнгөн адам жок. Тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдө да өлкөбүздүн таламын талашып, ар бир метр жер үчүн күрөшө алат. Мындан улам тажик ЖМКлары аны каралап, жалган жалаа жаап жатышат. Анткени Разаковдун кызматынан кетиши Тажикстан үчүн пайдалуу, - деди Абдрахманов.

20-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго кайрылып, тажик маалымат булактары аны "кошуна мамлекеттин агенти" деп жазып жатканын айткан. Ал эми Разаков депутатка "маселени жабык тартипте карасак, кандай маселе болгонун айтып берем" деп жооп кайтарган.

24-мартта УКМКнын басма сөз кызматы SUPER.KG`ге аталган маалыматтарды иликтей турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.03.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимисине деле ишениш кыйын болуп калды.
27.03.2019. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул дагы Раззаковдун адамы болуп,эптеп аны калтырыштын жолун ойлоп жаткандыр.Лучше Баткенге барып туз эфирде айыл жашоочуларынан сураш керек,ким эмне деген ойдо экенин билиш учун...
27.03.2019. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жака келип алып суйлоп койсо эле ошого карап жыйынтык чыгара бербей,чындыкты билгинер келсе ошол жака баргыла
27.03.2019. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Драма театры болуп кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: