super.kg logo

Жогорку Сот Эрнест Карыбековдун жаза мөөнөтүн 14 жылдан 11 жылга кыскартты

 

Жогорку Сот саясатчы Эрнест Карыбековдун жаза мөөнөтүн 14 жылдан 11 жылга кыскартты. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта SUPER.KG порталына Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев билдирди.

Анын айтымында, соттук отурум 25-мартта өттү. Жаңы кодекстердин ишке киргенине байланыштуу камактагы саясатчы Карыбеков өзүнүн жаза мөөнөтүн кайра карап чыгуу өтүнүчү менен Жогорку Сотко арыз жазган.

2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган. Эрнест Карыбеков "кылмышты жаап-жашыруу" жана "мамлекеттик чыккынчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген. Өткөн жылдын 7-июнунда кылмыш иши Жогорку Сотто кайра каралып, жаза мөөнөтүн 6 жылга кыскарткан. Ушул жылдын 12-февралында абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулганы маалымдалган.

Эрнест Карыбеков учурда №1 абакта кармалып турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: