super.kg logo

Астротөлгө: 28-мартта төрөлгөн адамдар шайыр, тамашакөй болушат

 

28-март күнү төрөлгөн адамдар энергиясы күчтүү, ачык-айрым, шайыр болушат. Алар акылы курч, өзүнө ишенимдүү, физикалык жактан да күчтүү болгондуктан кандай жумуш болбосун иштеп кете алышат. Булар бир орунда отуруп иштөөнү жактырышпайт, ар түрдүүлүктү жактыргандыктан жумушун болобу, дегеле кандай жагдай болбосун бат-баттан өзгөртүп турууну каалашат. Дайыма ачык-айрым, шайыр жүргөндүктөн юморду абдан баалашат.

Ушул күнү жарыкка келген адамдар жеке мамиледе ишенимдүү, ынак болушат. Үй-бүлө булар үчүн маанилүү ролду ойнойт, бирок эркин жүрүүнү каалашат. Жумуш жаатында ийгилик жаратуу үчүн бардык нерсени жасоо колунан келет. Ал тургай талашып-тартышып конфликтке да баруудан коркпойт. Өзү шайыр көрүнгөнү менен мындай учурда олуттуу, мүнөзү оор да болуп калышы мүмкүн. Андыктан бул күнү төрөлгөн адамдардын тилин таба билүү керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: