Бишкектин Ак-Тилек конушунда балдардын тобу бири-бирине таш ыргытып, мушташып жатышат
Бишкектин Ак-Тилек конушунда 70-80 ден ашык мектеп окуучулары эки топ болуп мушташып, бири-бирине таш ыргытып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күбө билдирди.
Маалыматка ылайык, мушташ саат 18:30да башталган.
"Конушта канал бар. Ошол жактан экиге бөлүнгөн балдар келип мушташып башташты. Алардын арасынан 2 бала катуу токмок жеп, учурда калганы ар кайсыл жакка тарап кетишти. Ал эми сабалган экөө бети-башы кан болуп азыр турушат. Бирок бул жактагылар милицияга кабар берилди деп айтышууда. Балдар тарагандай болушту, бирок башка жакка барып да мушташы мүмкүн деди", - окуянын күбөсү.
Күбөнүн айтымында уруш 2 мектеп арасында жана мушташкандар мектеп окуучулары болушу мүмкүн.
Ак-Тилек конушунда балдар мушташты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-11-20
16:49
2025-11-20
15:16
2025-11-20
15:01
2025-11-20
14:56
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















