super.kg logo

Индиянын өкмөт башчысы ракета менен спутникти жок кылышканын жарыялады

 

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди спутникти жок кыла ала турган ракета сыноодон ийгиликтүү өтүп, орбитада спутникти жок кылганын жарыялады. Бирок сыноо качан жүргүзүлгөнү жана башка маалыматтарды ачыктаган эмес. Окуяны тарыхый көрүнүш катары баалаган өкмөт башчы Индия спутникти кыйратуучу куралды сыноодон өткөргөн 4-өлкө экенин белгилеген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

The New York Times басылмасы ракетанын сыноодон ийгиликтүү өткөнүн тактоо зарылдыгын жазган. Айрым маалыматтар боюнча ракета Индия тарабынан 2019-жылдын январь айында учурулган Microsat-R спутнигин жок кылышы мүмкүн.

Спутникти жок кылуу боюнча сыноо СССРде ийгиликтүү жүргүзүлүп келген. Мындай курал АКШда да бар. Америка Кошмо Штаттары орбитадан сыртка чыккан Aegis аскердик спутнигин жок кылышкан. 2007-жылы Кытай өзүнүн спутникти кыйратуучу куралын сыноодон өткөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: